Бугу 05, 2024
Убакыт: 01:41
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Зиядин Жамалдинов Россия Федерациясынын Оштогу башкы консулун кабыл алды

03.09.2021 15:34
724
Зиядин Жамалдинов Россия Федерациясынын Оштогу башкы консулун кабыл алды



Бүгүн, 3-сентябрь күнү Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов Россия Федерациясынын Оштогу башкы консулу Роман Свистинди кабыл алды. Жолугушууда эки өлкөнүн ортосундагы социалдык-экономикалык кызматташтыгын өркүндөтүү максатында жасалуучу иш чаралар жөнүндө сүйлөшүштү. Бул тууралуу президенттин Ош облусунун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.


“Кыргызстан менен Россия Федерациясы эӊ жакынкы өнөктөш мамлекет болуп саналат, биздин мамлекеттер ЕАЭБ, ШКУ сыяктуу экономикалык, аскердик жана башка уюмдарга бирге мүчө болуп, кызматташып келишет. Мындан ары да кызматташтыкты бекемдөөгө болгон аракетибизди жасайбыз” деди Ош облус башчысы.


Мындан сырткары Президенттин өкүлү Зиядин Жамалдинов Орусия консулу Роман Викторовичтин Кыргызстандагы дипломатиялык миссиясы аяктап жатканына байланыштуу мындан аркы иштерине ийгиликтерди каалап, эстелик үчүн белек тапшырды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн