Зиядин Жамалдинов Түштүк Корея республикасынын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Ли Вон Чжэни кабыл алды. Бул тууралуу президенттин Ош облусунун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.
КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов Түштүк Корея республикасынын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Ли Вон Чжэни кабыл алды.
Жолугушууда эки тараптуу кызматташуунун абалы жана келечеги жөнүндө сүйлөшүштү. Ошондой эле эки мамлекеттин жарандарынын коопсуздугу, Түштүк Корея Республикасындагы шаарлар менен Ош облусунун достук мамилесин түзүү жана тажрыйба алмашуу боюнча пикир алышты.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн