Бугу 21, 2024
Убакыт: 02:17
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

Зиядин Жамалдинов мүмкүнчүлүгү чектелген Бааркандын кыялын орундатты

30.12.2021 14:39
671
Зиядин Жамалдинов мүмкүнчүлүгү чектелген Бааркандын кыялын орундатты


КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов 16 жаштагы ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген Баарканга кыймылдаткычтуу араба белек кылды. Бул тууралуу президенттин Ош облусунун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.


Ош облусунун башчысы Бааркандын муктаждыктары тууралуу маалыматты социалдык тармактардан билгенин айтты.


“Мен Бааркан кызыбызга коляска керек экенин социалдык тармактардан окуп калып, анын тилегин орундаталы дедим. Буга чейин Бааркан өлкө башчысына кат жазып, смартфон сураган экен. Биз жаңы жылдык балатыда Президенттин белекгин бердик эле. Бүгүн дагы бир кыялын орундатып кыймылдаткычы бар коляска белек кылдык. Бааркан менен сүйлөшүп, келечекте IT адиси болууну кыялданат экен. Кийинки жылы Баарканга Ноутбук белек кылабыз деген планым бар”, - деди Ош облусунун башчысы


Белгилей кетсек, Ош облусунун Кара-Суу районунун Правда айылынын 16 жаштагы тургуну Баарканга буга чейин өлкө башчысынын атынан смартфон белеке берилген. Эми жаз айларына чейин Президенттин Ош облусундагы өкүлү Зиядин Жамалдиновдун атынан ноутбук белеке берүү пландалган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн