Жалган курандын 28, 2024
Убакыт: 18:18
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Зиядин Жамалдинов мүмкүнчүлүгү чектелгендердин ишканасына барды

28.10.2021 15:42
757
Зиядин Жамалдинов мүмкүнчүлүгү чектелгендердин ишканасына барды



Бүгүн, 28-октябрь күнү КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов Оштогу “Кыргыз азиздер жана дүлөйлөр коомунун түштүк үйрөтүүчү өндүрүш ”Дыйкан” ишканасынын ишмердүүлүгү менен таанышты. Бул тууралуу президенттин Ош облусунун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы маалымдады.


Аталган ишканада 30га жакын ден-соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар эмгектенишет. Мекемеде ооруканалар үчүн төшөк, матрас жана билим берүү мекемелери үчүн түрдүү эмеректер жасалат. 

 

Жолугушууда мекеме жетекчиси Ноокат райондук аймактык ооруканасынын 2020-жылдын башынан бери 6 жарым миллион сомдон ашуун акча каражатын которо элек экенин айтты. Зиядин Жамалдинов Ош облусунун саламаттыкты сактоо жетекчилерине кайрылып, бир ай ичинде аталган көйгөйдү чечүү тапшырмасын берди. Эгерде тапшырма аткарылбаса тиешелүү жетекчилердин жоопкерчилиги каралат деп эскертти.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн