Бугу 10, 2024
Убакыт: 04:41
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

Зиядин Жамалдинов президенттин тапшырмасы менен Кара-Кулжа эли менен жолугушту

11.04.2022 13:41
594
Зиядин Жамалдинов президенттин тапшырмасы менен Кара-Кулжа эли менен жолугушту


КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов Кара-Кулжа районунун тургундары менен жолугушту. Элдик жыйынга облустук мекеме-ишканалардын жетекчилери жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты. Бул тууралуу президенттин Ош облусунун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы кабарлады.


Жыйын суроо жооп ирээтинде өтүп, 500дөн ашуун адам катышты. Кара-Кулжа районунун тургундары жер, таза суу, сугат суу, айыл өкмөттөрдун ишмердүүлүгү, айылдагы көйгөйлүү маселелер, жайыт жана айыл чарба тармагындагы көйгөйлүү маселелер боюнча жалпы 100дөн ашуун суроо менен кайрылышты. 

Ош облусунун башчысы облустук деңгээлде чечилүүчү маселелерди ыкчам чечүү боюнча тиешелүү мекемел башчыларына тапшырмаларды берди.


Эске салсак, буга чейин Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров облустагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө аймактагы жарандар менен жолугушууларды өткөрүү боюнча тапшырма берген. Ага ылайык Ош облусунун башчысы Зиядин Жамалдинов райондордо эл менен жолугушат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн