Бугу 07, 2024
Убакыт: 12:35
USD
88.70
89.60
EUR
95.20
96.20
RUB
0.950
0.975

Зиядин Жамалдинов жеке маселеси менен кайрылган жарандарды кабыл алды

10.05.2022 16:00
1200
Зиядин Жамалдинов жеке маселеси менен кайрылган жарандарды кабыл алды



Бүгүн, 10-май күнү КРнын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов жеке маселелер менен кайрылган жарандарды кабыл алды. Бул тууралуу президенттин Ош облусунун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы кабарлады.


Иш чарага район жетекчилери, айыл өкмөт башчылары онлайн форматта катышышты.


Ош облусунун тургундары жер, турак жай, жер тилке маселеси, материалдык жардам жана жеке маселелери менен кайрылышты. Ош облус башчысы жарандардын көйгөйлөрүн угуп, онлайн форматта жыйынга катышкан жетекчилерге тапшырма берди.


Белгилей кетсек, аптанын ар шейшемби күндөрү саат 14:00 дө КРнын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов жеке маселелер менен кайрылган жарандарды кабыл алат. Алардын көйгөйлөрүн ыкчам чечүү максатында тийиштүү жетекчилер онлайн форматта катышат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн