Борбордук шайлоо комиссиясы "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынан депутат Зиядин Жамалдиновдун депутаттык ыйгарым укугун токтотту. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматынан билдиришти.
Ал мандатын тапшыруу боюнча арызын башка партия менен шайлоого аттанган үчүн берген.
Жамалдинов "Бүтүн Кыргызстан" партиясы менен шайлоого аттанып жатканын жана шайлоого депутаттык макамы жок барайын деп чечкенин билдирген.
Күзүндө өтө турган парламенттик шайлоого катышууга бел байлаган Жогорку Кеңештин VI чакырылышындагы депутаттардын ыйгарым укуктары токтотулбайт.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн