Бугу 21, 2024
Убакыт: 03:02
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

Зиядин Жамалдиновдун күтүүсүз текшерүүсүндө айыл өкмөт башчысы иш ордунда жок болуп чыкты

19.01.2022 17:32
1192
Зиядин Жамалдиновдун күтүүсүз текшерүүсүндө айыл өкмөт башчысы иш ордунда жок болуп чыкты



Бүгүн, 19-январь күнү КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов Кара-Суу районунун Сары-Колот айыл өкмөтүнүн кызматкерлеринин ишмердүүлүгүн текшерди. Бул тууралуу президенттин Ош облусунун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.


Текшерүү учурунда Сары-Колот айыл өкмөтүнүн башчысы жана айыл өкмөттүн жооптуу катчысы жумуш ордунда жок экени аныкталды. Ош облусунун башчысы айыл өкмөт кызматкерлерине жарандардын кайрылууларына убагында реакция кылып, алардын көйгөйлөрүн жеринде тез арада жана ыкчам чечүү тапшырмасын берди.


“ Мага Сары-Колот айыл өкмөтүнүн тургундары айыл өкмөт башчысы иш убагында жумуш ордунда болбойт деп кайрылышкан. Мен бул маселени чын же жалган экенин текшерүү үчүн өзүм жеринде келип көрдүм. Чынында мен келгенде айыл өкмөт башчысы жана өкмөттүн жооптуу катчысы жумуш ордунда жок болуп чыкты. Бирок, айыл өкмөт кызматкерлери өкмөт башчы менен жооптуу катчыны жумуш менен районго кеткенин айтышты. Биз териштиребиз, эгерде чынында иш убагында жумушка келбей жатканы аныкталса анда чара көрөбүз “ ,-деди Зиядин Жамалдинов


 Ошондой эле Ош облусунун башчысы мындай текшерүүлөр Ош облусундагы башка айыл өкмөттөрүндө да жүрөт деп кошумчалады.


Мындан сырткары, Зиядин Жамалдинов Сары-Колот айылындагы ФАПтын ишмердүүлүгү менен жана Шералы айылындагы орто мектебинин имаратынын абалы менен таанышты.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн