Аяк оона 08, 2024
Убакыт: 05:32
USD
84.10
84.60
EUR
92.80
93.80
RUB
0.920
0.960

Зыян 100 миң доллар. Бишкекте алдамчылыкка шектелген жаран Улан-Батордон кармалды

29.05.2024 13:05
150
Зыян 100 миң доллар. Бишкекте алдамчылыкка шектелген жаран Улан-Батордон кармалды


Бишкекте ири өлчөмдө алдамчылыкка шектелген жаран Улан-Батордон кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарынын Биринчи май районунун ички иштер башкармалыгы тарабынан изделип жаткан 1981-жылы туулган С.Б. аттуу жаран Улан-Батор шаарынан кармалды. Шектүүнү издөө иштерин ИИМдин Интерпол улуттук борбордук бюросу Казакстан жана Монголиянын Интерполу менен биргеликте жүргүзгөн.

Кармалган жаран алдоо жолу менен жабырлануучунун ишенимине кирип, электрондук акча каражаттарын сатып алууда пайдалуу курсту убадалап, 100 миң АКШ доллары суммасындагы акчасын ээлеп алган.

Шектүү 2023-жылы Польшадан экстрадицияланган, бирок кылмыш жоопкерчилигинен кутулуп кетүүгө үлгүргөн. Ошентип, ал фамилиясын өзгөртүп, өлкөдөн чыгып кеткен.

Кармоо иш-чарасы Интерпол тарабынан изделип жаткан жүргүнчүлөрдүн маалыматтарын өз убагында алууга мүмкүндүк берген API/PNR тутумунун жардамы менен ишке ашырылды.

Ошондой эле 26-майда ИИМдин Маалыматтык технологиялар башкы башкармалыгынын жана милициянын кайгуул кызматы башкармалыгынын кызматкерлери санариптик технологиялар тутумунун жардамы менен Монголиянын Интерполу тарабынан өзгөчө оор кылмыш жасагандыгы (жашы жете элек кызды зордуктоо) үчүн издөөдө жүргөн жаран 1982-жылы туулган Б.Э. Бишкек шаарынан кармашкан.

Азыркы учурда Кыргызстандын компетенттүү органдары тарабынан кармалган адамдарды экстрадициялоо маселелери чечилүүдө.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн