Аяк оона 19, 2024
Убакыт: 07:55
USD
84.40
84.90
EUR
93.40
94.40
RUB
0.910
0.950

Зыян 35 миң доллар. Бишкекте алдамчылыкка шектелгендер кармалды

15.12.2023 09:29
246
Зыян 35 миң доллар. Бишкекте алдамчылыкка шектелгендер кармалды


Өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылыкка шектелгендер кармалды, деп билдирди Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы.


8-декабрда Бишкектин тургуну милицияга арыз менен кайрылган. Анын айтымында, жайында И. жана М. аттуу балдар андан Land Rover жана Range Rover үлгүсүндөгү унааларды бөлүп төлөө жолу менен алып, андан кийин үчүнчү жактарга сатып жиберишкен. Ал эми акчаны жеке муктаждыктарына жумшашкан. Жабырлануучуга 35 миң АКШ доллары өлчөмүндө зыян келтирилген.


Бул фактынын негизинде Тергөө кызматы тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) боюнча кылмыш иши козголду.


Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү катары 1998-жылы туулган А.М., жана 1998-жылы туулган И.И. кармалды. Алар убактылуу кармоочу жайга киргизилди.


Учурда алардын башка ушул сыяктуу кылмыштарга катыштыгы такталууда.


Милиция кармалгандардын аракетинен жапа чеккен жана кандайдыр бир маалыматы бар жарандарды 0502 120 570, 0559 085 959 же 102 телефон номурларына чалып коюуну өтүнөт.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн