Бугу 19, 2024
Убакыт: 15:20
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Зыян 4,3 млн. Башкы прокуратура “Бишкекжарык” ишканасында текшерүү жүргүздү

25.01.2024 16:33
163
Зыян 4,3 млн. Башкы прокуратура “Бишкекжарык” ишканасында текшерүү жүргүздү


Бишкек шаардык прокуратурасы тарабынан “Бишкекжарык” мамлекеттик ишканасынын директорунун арызынын негизинде аталган ишканада бухгалтердик эсеп жөнүндө мыйзамдарынын аткарылышына карата текшерүү жүргүзүлдү. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Текшерүүдө 2022-жылдын октябрь айынан баштап, 2023-жылдын апрель айына чейинки мөөнөттө Бишкек шаарынын тышкы жарык берүү тармагынын ишин камсыз кылуу максатында даяр буюмдарды жасоо жана ордуларына орнотууга багытталган 4 млн 323 миң 450 сомдук товардык-материалдык баалуулуктар аталган мекеменин кампасынан жок кылынгандыгы аныкталган.

Бул факты боюнча шаардык прокуратура тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (“Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”) жана 210-беренеси (“Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу”) менен кылмыш иши козголду.

Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн