Бугу 19, 2024
Убакыт: 19:27
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Zoomдун негиздөөчүсү бир нече сааттын ичинде 4,2 миллиард долларга байыган

01.09.2020 17:47
990
Zoomдун негиздөөчүсү бир нече сааттын ичинде  4,2 миллиард долларга байыган


Zoom видеоконференция кызматынын кварталдык отчетторун жарыялоо фонунда компаниянын акцияларынын наркы кыйла жогорулаган. Бир нече сааттын ичинде анын негиздөөчүсү жана директору Эрик Юань 4,2 миллиард долларга байыды.  Бул тууралуу чет элдик Bloomberg басылмасы жазды.


Пандемия учурунда дүйнөдөгү эң бай адамдар 255 миллиард долларга байыган.  Ушул мезгил аралыгында Facebook социалдык тармагынын негиздөөчүсү Марк Цукерберг эң көп киреше тапкан.


Журналисттер Zoom коронавирус пандемиясынын негизги “пайда алуучуларынын” бири болуп калгандыгын белгилешти. Анткени, көптөгөн адамдар карантин маалында үйдө отурууга аргасыз болушуп, аталган кызмат аркылуу иш алып барууга туура келген. Азыр Zoomдун 370 миңден ашуун кардар компаниялары бар жана бул өткөн жылга салыштырмалуу беш эсеге көп. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн