Чын курандын 29, 2024
Убакыт: 07:05
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Ысык-Көлгө барган жигит зордуктоого шектелүүдө. Андан ким 200 миң сом талап кылды?

20.07.2020 15:38
1482
Ысык-Көлгө барган жигит зордуктоого шектелүүдө. Андан ким 200 миң сом талап кылды?

Ысык-Көл облусунда 25 жаштагы жигит зордуктоого аракет кылды деп милицияга арыз жазган кыз, тосмо арыз жазуу үчүн 200 миң сом талап кылып жатат. Бул тууралууу “Медиа центр” мультимедиалык маалымат агенттигине өздүк булактар билдирди.


Булактын айтымында, Бишкек шаарынан Бостери айылына эс алганы барган жигиттер кыздар менен таанышып, кечинде мейманканага барганда, аларды милиция кызматкерлери кармап кеткен.


“Көлгө эс алганы келген жигиттер кыздар менен таанышкан. Бирге мейманканага барганда чала тааныш кыз зордуктоого аракет кылды деп милицияга карматыптыр. Айыпталуучулардын айтымында, зордуктоого эч кандай аракет кылган эмес жана кыз өз каалоосу менен мейманканага барган. Учурда тосмо арыз жазуу үчүн 200 миң сом талап кылып жатыптыр. Башка да жигиттер бар экен бирок алар 400-500 доллардан берип чыгып кетишиптир. Булар буга чейин да милиция менен биргеликте мындай иштерди аткарып жүргөн окшойт. Себеби, милиция мейманканага экөө киргенде эле артынан келген экен”, - дейт булак.

 

Ал эми Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Сталбек Усубакунов буларга токтолду.


“Окуя 18-июлдан 19-июлга караган түнү болгон. Арыз ээси Бишкек шаарынын 1994-жылы туулган тургуну аны зордууктоого аракет кылды деп кайрылган. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат”, - деди Усубакунов.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн