Бугу 06, 2024
Убакыт: 06:21
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Зордуктоого шектелген 18 жаштагы жаран абакта асынып алды

31.03.2021 09:35
909
Зордуктоого шектелген 18 жаштагы жаран абакта асынып алды

Тоң районунун Ички иштер бөлүмүнүн тергөө абагында зордуктоого шектелген жаран асынып алганы аныкталды. Маалыматты 30-мартта Ысык-Көл облусунун Ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы тастыктады.


Маалым болгондой, 29-мартта эртең мененки саат 10дор чамасында 2002-жылы туулган соттолуучунун жансыз денеси табылган. Асынып алган жаранга милиция биринчи медициналык жардам көрсөткөн. Андан кийин тез жардам кызматы чакырылган, медициналык кызматкерлер анын каза болгонун билдиришкен.


Бул факт КЖБРне катталып, сотко чейинки процесстер башталды. Ички иштер министрлигинин Ички иликтөө кызматы текшерүүнү баштады.

Ал 1984-жылы туулган Бөкөнбаев айылынын тургунун зордуктоого шектелип кармалган.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн