Бугу 03, 2024
Убакыт: 17:34
USD
88.70
89.60
EUR
94.80
95.80
RUB
0.945
0.975

Зулушев БУУнун Адам укуктары боюнча жогорку комиссарынын Кыргызстандагы өкүлү менен жолукту

25.08.2023 17:56
305
Зулушев БУУнун Адам укуктары боюнча жогорку комиссарынын Кыргызстандагы өкүлү менен жолукту


Кыргызстандын башкы прокурору Курманкул Зулушев Бириккен Улуттар Уюмунун Адам укуктары боюнча жогорку комиссарынын Кыргызстандагы өкүлү Матильда Богнер менен жолугушту.

Башкы прокуратурадан билдиришкендей, жолугушууда, КР Башкы прокуратурасы жана башка мамлекеттик институттар тарабынан адам укуктарын жана эркиндиктерин сактоо боюнча алып барып жаткан ишмердүүлүгү, эл аралык ченемдердин, милдеттенмелердин аткарылышы тууралуу жана башка маселелер талкууланды.

Өз кезегинде, башкы прокурор өлкөдө адам укуктарын коргоону камсыз кылуу, адамдын баалуулугун жогорулатуу, өзгөчө жашы жете электердин, аялдардын жана жаштардын укуктарын коргоо маселелерине өзгөчө көңүл бурулуп жаткандыгын белгиледи.

Ошондой эле, КР Башкы прокуратурасынын ыйгарым укуктарына ылайык, эл аралык укуктук кызматташуу жаатында кылмышкерлерди берүү (экстрадиция), соттолгон адамдарды которуу маселелери тууралуу маалымат берилди.

Жолугушуунун жыйынтыктыгында, демократиялык мамлекеттин укуктук негиздерин бекемдөө чөйрөсүндө БУУнун институттары менен кызматташууну мындан ары системдүү негизде активдештирүүнү жана эл аралык стандарттарга ылайыкташтырууну улантуу боюнча өз даярдыгын билдиришти.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн