"Башкы прокуратура саясий куугунтук менен алектенбейт" - бул тууралуу бүгүн башкы прокурор Курманкул Зулушев маалымат жыйында билдирди.
"Прокуруратура - мыйзамдардын так жана бирдей аткарылышына көзөмөл жүргүзгөн орган. Өзүнүн ишмердүүлүгүн мыйзам талаптарынын негизинде саясаттан тыш алып барат. Саясий куугунтук менен алектенбейт. Биз коррупцияга каршы күрөш аёсуз күрөш жүргүзөбүз. Бул багытта иштер күчөтүлөт. Эл оозунда айтылып жүргөн бажы, салык, медицина, курулуш жана башка тармактарга текшерүүлөр уюштурулат. Мен бул кызматтагы укуктарымды жана милдеттеримди саясаттан тыш болуп, так аткарышым керек" -деди башкы прокурор.
Курманкул Зулушев мындан сырткары журналисттердин бир топ суроолоруна жооп берди.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн