Бугу 04, 2025
Убакыт: 02:19
USD
87.30
87.80
EUR
98.40
99.40
RUB
1.050
1.090

Зулушев: Бир тергөөчүгө 300-400 иш туура келгендиктен иштин сапаты болбой жатат

02.06.2021 12:33
1006
Зулушев: Бир тергөөчүгө 300-400 иш туура келгендиктен иштин сапаты болбой жатат

Учурдагы иштеп жаткан кодекстер боюнча коомчулукта нааразычылыктар арбын. Мындай пикирин бүгүн, 2-июнда Жазык, Жазык-процессуалдык, Бузуулар жөнүндө жана Жазык-аткаруу кодекстеринин долбоорун талкуулаган жыйында башкы прокурор Курманкул Зулушев билдирди.


Анын айтуусуна караганда, мындай сындар карапайым калк тарабынан гана эмес, кодекстерди практикада түздөн-түз колдонуп жаткан соттор, юристтер, адвокаттар, прокурорлор, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү, көз карандысыз эксперттер жана эч себепсиз ишмердүүлүгүнө камак салынып токтоп калган бизнес өкүлчүлүгү, укук коргоочулар өңдүү адисттер тарабынан да айтылып келген.

Зулушев эң башкысы бул сын-пикирлердин көпчүлүгү негиздүү болууда дейт.

Белгилей кетсек, Башкы прокуратура тарабынан мындан бир ай мурда “Кылмыш-жаза, Жазык-процесстик жана Административдик укук бузуулар жөнүндө кодекстеринин жаңы редакциясы жөнүндө”, ошондой эле “Жазык-аткаруу кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамдардын долбоорлору демилгеленип, коомдук талкууга чыгарылган.

Бүгүн бул мыйзам долбоорлору боюнча Башкы прокуратура тарабынан тегерек стол уюштурулуп, ага бир катар укук коргоочулар, депутаттар, коомдук ишмерлер жана эл аралык уюмдун өкүлдөрү катышууда.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн