Чын курандын 29, 2024
Убакыт: 11:21
USD
88.80
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Зулушев Кадамжайда 14 жаштагы кыздын өлүмү боюнча пикирин билдирди

07.09.2022 08:53
514
Зулушев Кадамжайда 14 жаштагы кыздын өлүмү боюнча пикирин билдирди

Мыкаачылык менен жаш кызды өлтүргөн зөөкүрлөр аёосуз мыйзам чегинде жазаланат. Мындай пикирин Башкы прокурор Курманкул Зулушев Кадамжай районунун тургундары менен болгон жолугушуусунда билдирди.


Анын айтымында, коомдо мындай терс көрүнүштөрдү болтурбоо үчүн ар бир ата-эне баланын тарбиясына көңүл бурууга тийиш.


"Кадамжайда болгон окуяны баарыбыз жектешибиз керек. Бул окуя президенттин жеке көзөмөлүндө. Мыкаачылык менен жаш кызды өлтүргөн зөөкүрлөр аёосуз жазаланат.

Мен дагы бул ишти өзүм көзөмөлгө алдым. Коомдо мындай терс окуялар кайталанбашы үчүн ар бир ата-эне балага туура тарбия бериш керек",- деди Башкы прокурор.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн