Бугу 14, 2024
Убакыт: 19:27
USD
88.40
89.30
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Зулушев Кореянын элчиси менен кызматташтыкты талкуулады

23.03.2022 17:11
438
Зулушев Кореянын элчиси менен кызматташтыкты талкуулады

Бүгүн, 23-мартта Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору К.Зулушев Корея Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ли Вонджэ мырза менен жолугушту. 


Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдиргендей, К.Зулушев Элчини расмий дипломатиялык миссиясынын башталышы менен куттуктап, Кыргыз Республикасы менен Корея Республикасынын ортосундагы достук мамилелерди мындан ары чыңдоого жана өнүктүрүүгө багытталган ишмердүүлүгүндө ийгиликтерди каалады.


Жолугушуунун катышуучулары Корея Республикасынын жарандарынын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо жаатындагы маселелерди талкуулашты. Ошондой эле, укуктук жардам көрсөтүү тармагында кылмышкерлерди жоопко тартуу үчүн өткөрүп берүүгө да көнүл бурулду.


Иш-чаранын жыйынтыгында тараптар өз ара кызыкчылык туудурган маселелерде кызматташтыкты өнүктүрүүнүн оң динамикасын белгилешип, аны мындан ары да чыңдоо ниетин билдиришти.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн