Бугу 19, 2024
Убакыт: 16:56
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Зулушев: Прокуратура Көлбаевди кармоодо мыйзам бузулган учурду тапкан жок

31.01.2024 13:39
186
Зулушев: Прокуратура Көлбаевди кармоодо мыйзам бузулган учурду тапкан жок


Аскердик прокуратура Камчы Көлбаевди кармоодо мыйзам бузулган учурду тапкан жок. Бул тууралуу Башкы көзөмөл органынын жетекчиси Курманкул Зулушев маалымат жыйында билдирди.


Ал аскер прокурору менен окуя болгон жерге Көлбаев каршылык көрсөтүп, жок кылынгандан кийин келгенин айткан.


"Атайын операциянын жүрүшүндө Көлбаевдин жанындагылар кармалган. Кримтөбөл каршылык көрсөткөндөн кийин жок кылынган. Ал жерде дарыгер, соттук медициналык эксперттер болгон. Ошол күндөн баштап кылмыш ишин көзөмөлгө алдык. Көлбаевди кармоо жана жок кылуунун канчалык мыйзамдуу экенин карап чыктык. УКМК кызматкерлеринин иш-аракеттеринен эч кандай мыйзам бузуу табылган жок", — деген Зулушев.


Эскерте кетсек, "мыйзамдагы ууру" атыккан кримтөбөл Камчы Көлбаев 2023-жылдын 4-октябрында УКМК тарабынан жок кылынган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн