Жетинин айы 22, 2024
Убакыт: 13:08
USD
86.50
86.85
EUR
90.40
91.40
RUB
0.845
0.885

Зулушев бизнес өкүлдөрү менен жолугушуп, алардын укуктары корголушу керектигин баса белгиледи

18.02.2022 14:51
697
Зулушев бизнес өкүлдөрү менен жолугушуп, алардын укуктары корголушу керектигин баса белгиледи

Башкы прокурор Курманкул Зулушев «Бизнес-ассоциация ЖИА» бирикмесинин мүчөлөрү менен жолугушту. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.


Ишкерлердин укуктарын коргоо жана жагымдуу инвестициялык климатты түзүү максатында Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору К.Зулушев «Бизнес Ассоциация ЖИА» юридикалык жактардын ассоциациясынын мүчөлөрү менен жолугушту.


Жыйынга ЖИА Бизнес Ассоциациясынын 38 өкүлү катышты.


Аталган жолугушууда Башкы прокурор К.Зулушев ишкерлердин жана инвесторлордун мыйзамдуу укуктарын коргоо жаатында көрүлүп жаткан чаралар боюнча айтып өттү. Ошол эле учурда ишкерлердин укуктарын коргоо прокуратура органдарынын приоритетүү багыты болуп эсептелинээрин билдирди. 


Укук коргоо, фискалдык жана көзөмөлдөөчү органдар ишкерлердин ишине негизсиз кийлигишип же тоскоолдук кылышса күнү-түнү прокуратура органдарынын ишеним телефондоруна кайрыла алышат. Ар бир факт боюнча прокуратура органдары токтоосуз тиешелүү чараларды көрүшөт.


Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар ишкердиктин субъектилеринин укуктарын коргоо багыты боюнча жемиштүү кызматташуу зарылдыгын белгилешти.


Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын Ишкерлердин укуктарынын жана экология чөйрөсүндөгү мыйзамдарынын аткарылышын көзөмөлдөө башкармалыгынын ишеним телефондору (0312) 88-90-33, 0500 19-20-54.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн