Мыйзамсыз чечим чыгарган сот, жаранды мыйзамсыз жоопко тарткан прокурор менен тергөөчү сөзcүз жоопко тартылышы керек. Мындай пикирин Башкы прокурор Курманкул Зулушев Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин отурумунда билдирди.
"Бизде саясий буйрук болуп калды, көпчүлүктүн басымы менен болуп калды деп айрым адамдар мыйзамсыз камалып кетип жатат. Мындай мыйзамсыз кадамга барган тергөөчү болобу, сот же прокурор болобу жазага тартылууга тийиш",- деди Зулушев.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн