Бугу 17, 2024
Убакыт: 14:17
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Зулушевдин референдум өткөрүү тууралуу мыйзам долбоорунун өз орду бар, - Зайнидин Курманов

02.04.2020 17:53
889
Зулушевдин референдум өткөрүү тууралуу мыйзам долбоорунун өз орду бар,  - Зайнидин Курманов


Курманкул Зулушев сунуштап жаткан Кыргызстанда башкаруу формасын аныктоо боюнча референдум өткөрүү тууралуу мыйзам долбоорунун өз орду бар. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин мурдагы Төрагасы Зайнидин Курманов билдирди. 


Анын айтуусуна караганда бул аракеттен кандайдыр бир криминалдык элементтерди издөө туура эмес. 


"Зулушев сунуштап жаткан мыйзам долбоорунун өз орду бар. Ал эч кандай мыйзам чегин бузбайт. Мындай долбоорду кайсы депутат болбосун сунуштай алат, эгер аны жазып, кийин жактай алса. Бул жерде эч кандай криминал жок. Ал депутаттык милдетин аткарууда", - деди Курманов.  


Анын пикиринде биздин коом бардык нерседен шектенгенге көнүп калган. Буга мурдагы бийлик өкүлдөрү күнөөлүү, Курманкул Зулушев бийликтин буйругун аткарып жатканына кошула албайм дейт мурдагы Төрага.   


"Мурда чындап эле бийликтин буйруктарын аткаруу үчүн депутат болгондорду көргөнбүз. Ал эми Курманкул Зулушев тууралуу айта турган болсок, бул адамды мен билем, өзүнүн көз карашы бар. Анан кандай гана мыйзам болбосун жаза ала турган, юридикалык билими өтө жогору кесипкөй инсан.", - деди Курманов


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн