Бугу 20, 2024
Убакыт: 00:41
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Эркектер балдарын чогуу ээрчитип жүргөндү өөн көрбөшү керек

02.06.2021 00:01
1308
Эркектер балдарын чогуу ээрчитип жүргөндү өөн көрбөшү керек


Балага мамиле тууралуу идеалдуу ата болбосом да көп нерсе жазгым келет. Бүгүн балдардын майрамы экен, бир эле оюмду жазайын. Кийин башка ойлорум менен да бөлүшүп турам, жакса.

Айтайын дегеним, көпчүлүк эркектер баланы ээрчитип жүргөндү уят көрүшкөнүн байкап жүрөм. Ээрчитип алса “апасы бир жакта эле, азыр алып кетет” деп эч ким сурабаса да актанып турушат. Менимче, эркектер балдары менен жолугушууларга, сейилдөөгө, дүкөнгө болобу, чогуу ээрчитип жүргөндү өөн көрбөшү керек. Мен досторбу, депутаттар болобу, жолуккан учурда да балдарды ээрчитип алам көбүнчө, тааныштар көнүп бүтүштү:). Андан такыр уялбайм, тескерисинче ушул учур мага абдан жагат, анткени такай эле бала менен убакыт өткөрүүгө убакыт тартыш. Керек болсо расмий иш-чарада балдар менин жанымда отурган учурлар да жок эмес. Эрке болот деп коркпойм, тескерисинче эркин болуп, өз оюн эркин айтып, өзүнө ишенип чоңойот деп ойлойм. Ылайым балдарыңар менен чогуу болгула, убактыңар болсун, балдар оорубасын, ыйлабасын, ошону чын ниеттен тилейм. Согуш көрбөй, бакубат турмушта чоңойгонго бардык балдар акылуу. Балдар майрамында үйгө чарчап келип, ушул ойлор келди.

Жанар Акаев, ЖК депутаты

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн