Бугу 06, 2024
Убакыт: 17:44
USD
88.70
89.60
EUR
95.20
96.20
RUB
0.950
0.975

Кызматташтыкты бекемдөө үчүн Венгрия-Кыргызстан өнүктүрүү фонду түзүлдү

06.07.2021 10:21
1190
Кызматташтыкты бекемдөө үчүн Венгрия-Кыргызстан өнүктүрүү фонду түзүлдү


Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети “2021-жылдын 8-апрелинде Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Венгрия Өкмөтүнүн ортосундагы Венгрия-Кыргыз өнүктүрүү фонду жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” мыйзам долбоорунун концепциясын жактырды.

Макулдашууга ылайык, эки өлкө ортосундагы экономикалык кызматташууга көмөктөшүү, экономиканы  модернизациялоо жана өнүктүрүү, мүмкүнчүлүктөрдү натыйжалуу пайдалануу максатында Венгрия-Кыргыз өнүктүрүү фонду түзүлөт. Фонд Кыргыз Республикасынын аймагында катталган жана ишин жүзөгө ашырган чарбакер субъекттерге жеңилдетилген кайтарымдуу насыяларды берүү, капиталына катышуу жана башка каржылык инструменттерди пайдалануу аркылуу өлкөнүн экономикасынын артыкчылыктуу тармактарында өзүн-өзү актоочу долбоорлорду ишке ашырат.

Фонддун алгачкы каражаты 16 млн доллар өлкөмүндө болот, бирок ал бара-бара 50 млн долларга чейин көбөйтүлөт. Келишим ратификацияланып калса, каражат ушул жылдын 31-сентябрына чейин түшүүгө тийиш. Анын Директорлор кеңешинин курамы 5 адамдан турат: кыргыз тарап – 3 өкүл, венгер тарап – 2 өкүл. Фонддун төрагасы министрлер кабинетинин башчысы тарабынан дайындалат.

Белгилүү болгондой, азыркы учурда Өзбек-Кыргыз фонду да түзүлүп жатат. Фонддун уставдык капиталы алгач 50 млн долларды түзөт. Кийин уставдык капиталды 200 млн долларга жеткирүү менен, бардык уставдык капиталга төлөөлөр Өзбекстан тарабынан камсыз кылынмакчы.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн