Бугу 19, 2024
Убакыт: 21:49
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

11-майдан тартып коомдук транспорт, курулуш базарлары ишке кирет (тизме)

28.04.2020 23:40
2484
11-майдан тартып коомдук транспорт, курулуш базарлары ишке кирет (тизме)


Бүгүн, 28-апрель күнү премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев республикалык ыкчам штабдын жыйынында 11-майдан баштап эл көп топтолгон тармактардын иштөөсүнө уруксат берилерин айтты.

Ага ылайык, 2020-жылдын 11-майынан тарта өзгөчө экономикалык ишмердүүлүктүн төмөнкү түрлөрүнө уруксат берилет:

1. Финансылык жана башка кызмат көрсөтүү чөйрөлөрү:

- микрофинансылык уюмдар;

- камсыздандыруу компаниялары;

- кыймылсыз мүлк боюнча агенттиктер;

- туристтик агенттиктер.

2. Калкты тейлөө кызматтары:

- сантехникалык, электромонтаждык жана жыгач устачылык иштер;

- тиричилик техникаларын, машиналарды, аппараттарды жана шаймандарды оңдоо;

- химтазалоо жана клининг. 

3. Соода чөйрөсү:

- курулуш материалдарынын дүкөндөрү жана базарлары;

- автотетик, велотетик, комплекттөөчү тетиктер, май жана автомобиль сырларын сатуу базарлары;

- тигүү жана булгаары иштетүү тармактары үчүн кездемелерди, фурнитураларды жана башка буюмдарды сатуу базарлары;

- автосалондор, авторыноктордон сырткары.

4. Транспорттук кызмат көрсөтүү чөйрөсү:

- коомдук транспорт, атап айтканда автобустарда жана троллейбустарда жүргүнчүлөрдү ташуу, кичи автобустардан сырткары.

«Коомдук унааларды ишке киргизүү бир аз опурталдуу, бирок пандемия деңгээли төмөндөсө, анда автобустарга жана троллейбустарга уруксат берилет. Кичи автобустар азырынча коопсуз эмес экендиги айкын», -деп белгиледи Премьер-министр. 

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Айжан нургазы
Элди алакды кылбай кой бергиледа.Коранавирус жуканын коро жаттарбызда ..