Кулжа 16, 2024
Убакыт: 20:22
USD
87.10
88.00
EUR
93.70
94.70
RUB
0.955
1.000

Өкмөт 20 миң жумушсузду 5 миң сом айлык төлөгөн иш менен камсыз кылат

15.06.2020 15:18
1062
Өкмөт 20 миң жумушсузду 5 миң сом айлык төлөгөн иш менен камсыз кылат


Коронавирус учурунда жумушсуз жана акчасыз калган жарандарды убактылуу иш менен камсыздоо максатында Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги 20 миңдей адамды 2 айдай убакытка 5 миң сомдук айлык менен ишке тартууну пландап жатат.


Аталган министрлик тарабынан коомдук талкууга коюлган токтом долбоорунда жазылгандай, бул үчүн бюджеттен 200 миллион сом талап кылынат.

Акы төлөнчү коомдук ишке кирүү үчүн жумуш менен камсыздоо кызматына алдын ала катталуу зарыл. Анда мектеп, бала бакча, китепкана, оорукана, маданият жана спорт мекемелерин оңдоо;

Эл каттоо, социологиялык иликтөөлөр;

Архитектуралык эстеликтерди, музей комплекстерин, социалдык-маданий объектилерди реконструкциялоо;

Эс алуу, туризм, токой чарбаларды жашылдандыруу;

Суу, газ түтүктөрү, канализация сыяктуу коммуникациялык каналдарды жана жолдорду, көпүрөлөрдү оңдоо;

Айыл чарбасындагы сугат иштери;

Айрым аймактардагы ишсиз калкка кызмат көрсөтүү (агент катары) жана башка иштерге тартыла алышат.

Ошондой эле программага ишсиз катары каттоодо тургандар дагы катыша алат. Жарым жылдан бери ишсиз жүргөн жана бойго жете элек үчтөн ашык баласы барларга артыкчылык берилет, деп белгиленет токтомдо.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн