Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 23:06
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Өкмөт 500 мобилдик кычкылтек концентраторун сатып алды (фото)

05.07.2020 11:55
1241
Өкмөт 500 мобилдик кычкылтек концентраторун сатып алды (фото)

 

500 мобилдик кычкылтек концентратору сатып алынды, алар бүгүн чартердик каттам менен Кытайдан алып келинди. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдирди.


Маалыматка ылайык, жуманын башында Кыргыз Өкмөтү тарабынан кычкылтек концентраторлорун жана пульсоксиметрлерди сатып алууга 50 миллион сом бөлүнгөн.

 

Мобилдик кычкылтек концентраторлорун сатып алуу боюнча сүйлөшүүлөр жуманын башында башталган Тышкы иштер министрлиги, Кыргызстандын Кытайдагы Элчилигинин ыкчам ишинин натыйжасында мобилдик концентраторлор кыска мөөнөттө республикага жеткирилген.

 

Вице-премьер-министри Аида Исмаилова белгилегендей, бүгүн кычкылтек концентраторлорунун биринчи партиясы – 500 даана келди, кийинки 500 даана партия өлкөгө келерки жумада жеткирилет.

 

“COVID-19 коронавирус инфекциясынын жайылуу шарттарында бүгүн өлкөгө жеткирилген мобилдик кычкылтек концентраторлору өтө зарыл. Кычкылтек концентраторлору көптөгөн жарандарыбыздын өмүрүн сактап калууга жардам берет”, - деген Аида Исмаилова.

 

Вице-премьер-министр белгилегендей, кычкылтек концентраты ыкчам тартипте коронавирус инфекциясынан жана өпкө сезгенүүсүнөн жабыркаган жарандар дарыланып жаткан медициналык мекемелер арасында бөлүштүрүлөт. Жабдуулардын бир бөлүгү COVID-19 жана пневмонияга каршы күрөш жүргүзүү үчүн ачылган медициналык мекемелерди жабдуу үчүн өлкө аймактарына жөнөтүлөт.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн