Чын курандын 19, 2024
Убакыт: 20:04
USD
89.10
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.940
0.960

Өкмөт: Аксыдагы Өзбекстандын аракети мамлекеттин бүтүндүгүн бузбайт

04.12.2020 15:39
4076
Өкмөт: Аксыдагы Өзбекстандын аракети мамлекеттин бүтүндүгүн бузбайт


Кыргыз өкмөтү Жалал-Абад областынын Аксы районунун Авлетим айыл округунун Дейрес айылынын тургундарынын нааразычылыгына жооп берди. Буга чейин бул аймактын тургундары Өзбекстан тарап Кыргызстанга кирип келип, тосмосун орнотуп жатканын айтып нааразы болгон.


Аталган тилке 2017-жылдын 5-сентябрдагы Кыргыз Республикасы жана Өзбекстан Республикасы ортосундагы макулдашууларга ылайык, делимитация процедурасынан өткөн. Буга байланыштуу аталган тилкедеги инженердик иштердин жүргүзүлүшү аймактын бүтүндүгүн бузууга жатпайт. Макулдашууга ылайык, өзбек тараптын пландаштырылып жаткан инженердик иштери Өзбекстан Республикасынын аймагында 10 метрден 30 метрге дейре жүргүзүлөт. Мамлекеттик орган өкүлдөрү жергиликтүү бийлик органдарынын өкүлдөрү менен биргеликте үстүбүздөгү жылдын 2-декабрында Аксы районунун Авлетим айыл округунун Дейрес айылынын тургундары менен жолугушуу өткөрдү, анда түзүлгөн кырдаалга түшүндүрмө берилген. Белгилесек, калкка маалыматтык-түшүндүрүү иштери мындан ары карай да үзгүлтүксүз негизде жүргүзүлүлөт. Учурда айылдагы абал туруктуу”, - деп айтылат аталган билдирүүдө. 

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн