Жалган курандын 29, 2024
Убакыт: 21:12
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Өкмөт Ат-Башы району боюнча маалыматты жокко чыгарды

19.02.2020 14:50
648
Өкмөт Ат-Башы району боюнча маалыматты жокко чыгарды


Ат-Башы районунун жашоочуларына жөлөкпулдар төлөнбөй калуусу мүмкүн деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат саяст бөлүмүнүн жетекчиси Чыңгыз Эсенгулов билдирди.


Анын айтымында, андай чечимди демилгелеген да эмес.  “Бийик тоолуу райондордун, анын ичинде Ат-Башы районунун жашоочуларына жөлөкпулдар төлөнбөй калуусу мүмкүн экендиги тууралуу социалдык тармактарда тараган маалымат чындыкка дал келбейт. Кыргызстандын өкмөтү мындай чечимдерди демилгелеген эмес. Бул сыяктуу акылга сыйбаган имиштер белгилүү бир саясий чөйрөлөр аркылуу өздөрүнүн конъюктуралык кызыкчылыктарын көздөп жайылтылууда деп эсептейбиз”, - дейт Эсенгулов.

 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн