Өкмөт Элчиликтерге берүү үчүн 20 миллион сом бөлгөн. Бул тууралуу бүгүн, 30-апрелде Жогорку Кеңеште Тышкы иштер министри Чынгыз Айдарбеков айтты.
“Өкмөттөн Элчиликтерге 20 миллион сом бөлүнгөн. Алардын 10 миллиону Россияга, 5 миллиону Бириккен Араб Эмираттарына бөлүнгөн”, - деди Айдарбеков.
Депутат Алмазбек Баатырбеков 3,5 миң адам бар Бириккен Араб Эмираттары менен 600 миңдей кыргызстандык жүргөн Россияда айырмачылык чоң
экенин айтты.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн