Жогорку Кеңеште Жалал-Абад, Нарын, Ош жана Чүй облустарынын айрым калктуу конуштарын айыл категориясына киргизүү сунушталды.
Бул боюнча мыйзам долбоору аркылуу Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун Сумсар айыл аймагынын Мончок-Дөбө жана Шекафтар, Нарын облусунун Нарын районунун Орток айыл аймагынын Тамды-Суу, Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Чалма айыл аймагынын Беш-Кемпир, Орто-Талаа, Ноокат районунун Жаңы-Ноокат айыл аймагынын Дөң-Кыштак, Жандама, Катта-Тал, Күнгөй-Хасана, Мончок-Дөбө, Тескей, Чүй облусунун Аламүдүн районунун Кара-Жыгач айыл аймагынын Бек-Тоо жаңы түзүлгөн жалпысынан 12 калктуу конушту айыл категориясына киргизүү сунушталууда.
Аларда баш-аягы 25 миң 467 калк жашайт.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн