Бугу 21, 2024
Убакыт: 14:26
USD
88.20
89.10
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Өкмөт Россиядагы кыргыз жарандарына жардам берүү үчүн 4 миллион сом которду

25.04.2020 13:26
1222
Өкмөт Россиядагы кыргыз жарандарына жардам берүү үчүн 4 миллион сом которду


Өкмөт Россиядагы кыргыз жарандарына эпидемиологиялык кырдаалда жардам берүү үчүн 4 миллион сом которду. Бул тууралуу Кыргызстандын Россиядагы элчилигинен билдиришти.   


Маалыматка ылайык, кыргыз өкмөтү Россиядагы элчиликке 10 миллион сом бөлүүнү чечкен. 


"25-апрелге карата элчиликтин алдындагы штабга 4 миллион сом которулду. Кыргыз өкмөтүнүн чечимине ылайык жардам көрсөтүүдө накталай акча таркатуу каралбагандыгын белгилеп кетебиз. Келип түшкөн финансылык жардамды бөлүштүрүү иши элчиликтин алдындагы Москвадагы кыргыз диаспорасынын лидер жана активисттеринин катышуусундагы атайын комиссия тарабынан жарандардын кайрылууларынын белгилүү бир категорияларына жараша каралат.

Штаб бөлүнгөн акча каражат - 4 миллион сом өтө муктаж жарандарга, тактап айтканда COVID - 19 илдетин жуктуруп алгандарга, оорукчандарга, көп балалуу үй-бүлөлөргө, жалгыз бой энелерге, кош бойлуу аялдарга, жашы улгайган жарандарга убактылуу жатакана (хостел), тамак-аш түрүндө жардам берүүгө багытталган", - деп жазылат маалыматта.


Ошондой эле анда жарандар кайрыла ала турган телефон номерлер көрсөтүлгөн.


Азыркы кырдаалга байланыштуу бардык маселелер боюнча расмий маалымат алуу үчүн элчиликтин күнү-түнү иштеген Call-борборуна төмөндөгү телефондор аркылуу чалып, кайрылуу калтырууга болот.


+7 (499) 237 43 01;

+7 (499) 237 44 61;

+7 (925) 387 41 27 – мобилдик (вотсап);

+7 (925) 387 45 97 – мобилдик (вотсап);

+7 925 103 29 11 – мобилдик( вотсап).


Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Аматов Темирбек Имидинович
Биринчиден ,Кыргызстанга жоноткуло коп балалууларды кармап ал жерде багууга акча бере албагандан кийин .Берилген акча озу 4 миллион болсо,1 миллонго жакын миграннтка жарымына алганда да жеткире албайсынар ошон учун жашыл коридор берип жатканда жоноткуло Кыргызстанга эн жакшысы РФ да баатир кымбат жумушу жок 5 кундо кыйналат балдары менен силердин эн биринчи жардамынар ошол деп эсептейм .Башка мамлекетти коруп жатабыз оз жараандарын калтырбай алып чыгып кетти.