Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 03:30
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Өкмөт Сузакта зомбулукка кабылган аял боюнча чара көрүү тапшырмасын берди

15.06.2020 09:24
1186
Өкмөт Сузакта зомбулукка кабылган аял боюнча чара көрүү тапшырмасын берди

 

Вице-премьер-министр Аида Исмаилова Өкмөткө караштуу Аялдар иши жана гендердик өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин жыйынын өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

«Бүгүн биз Сузак районунун Бек-Абад айылында орун алган үй-бүлөлүк зомбулукка байланыштуу ыкчам чогулуп отурабыз. Коомубуздагы зомбулук фактылары боюнча статистика кооптуу, балдар, аялдар жана эркектер да зомбулуктан жабыркаган учурлар катталууда. Адамдын негизги укугу – жашоого, кол тийбестикке, урмат-сыйга жана ар-намыска, мыйзам алдында тең укуктуулукка карата болгон укугу болуп саналат. Биздин мамлекет үй-бүлөнүн, балдардын жана аялдардын укугунун корголушун камсыздайт. Өлкөдө «Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө» мыйзам иштейт. Укуктук мамлекетте ар бир жаран өзүн мамлекет тарабынан корголгонун сезүүсү кажет. Мыйзамды бузган ар бир адам жоопкерчиликке тартылышы керек. Ар бир жаран жоопкерчиликтен кача албастыгын түшүнүүсү абзел, мунун өзү кылмыштардын алдын алууга шарт түзөт», - деп билдирди Аида Исмаилова.

Вице-премьер-министр белгилегендей, статистика боюнча, бир ирет орун алган зомбулук 70% учурда кайталанышы ыктымал.

Улуттук кеңештин жыйыны Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы үй-бүлөлүк зомбулук фактысын кароо үчүн ыкчам тартипте өткөрүлдү. Видео конференция түрүндө өткөн иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаттары, жарандык коомдун өкүлдөрү, өз алдынча башкаруу органдарынын жана мамлекеттик түзүмдөрдүн өкүлдөрү катышты. 

Кеңешменин жыйынтыгында мамлекеттик орган жетекчилерине, Өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлерине, укук коргоо орган жетекчилерине аялдарды жана балдарды зомбулуктун бардык түрүнөн коргоого багытталган мыйзам ченемдеринин кынтыксыз аткарылышын камсыздоо тапшырылды.

Мындан тышкары, жыйында Сузак районунун жетекчилеринин начар координациясы белгиленип, тийиштүү чараларды көрүү тапшырмасы берилди.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн