Бугу 10, 2024
Убакыт: 13:45
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Өкмөт: Тажикстан менен 1-2 майдагы келишилген протоколдун тексти бүгүн жарыяланат

06.05.2021 13:12
733
Өкмөт: Тажикстан менен  1-2 майдагы келишилген протоколдун тексти бүгүн жарыяланат

Бүгүн, 6-майда өкмөт 1-2 майдагы чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча кыргыз-тажик өкмөттүк делегацияларынын жолугушуусунан кийинки протоколун жарыялайт. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматы "Марал" радиосуна  кабарлады.


«Биз азыр протоколду жарыялоо үчун даярдап жатабыз. Бир сааттын ичинде маалымат берилет» — деп билдирди өкмөттүн маалымат кызматы.


Буга чейин Тажикстан тарап эки өлкө ортосундагы биргелешкен билдирүүнү расмий жарыялаган. Анда тараптар Тажикстандын Кожалы (Хожаи Аъло) айылы менен Ворух анклавын байланыштырган айланма жолду биргелешип курууну макулдашканы айтылган. Капчыгай (Танги) айылынын чыгыш тарабы аркылуу өтөрү айтылган автожолду тажик тарап колдонот жана анын абалын карап туруу милдетин өзүнө алат, деп жазылган.


Белгилей кетсек, Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасынын узундугу 970 чакырымды түзөт. Анын 519 чакырымы такталган, калганы талаштуу жер тилкеси болуп саналат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн