Бугу 20, 2024
Убакыт: 23:51
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

Өкмөт «Учкунду» модернизациялоо долбоорун даярдоону тапшырды

09.03.2020 17:43
1235
Өкмөт «Учкунду» модернизациялоо долбоорун даярдоону тапшырды


«Учкун» басмаканасынын базасында окуу китептерин жана окутуу-усулдук басылмаларды чыгаруучу полиграфиялык басмакананы түзүү идеясы келечекте жалпы билим берүү мекемелеринин окуучуларын сапаттуу китептер жана башка коштоочу продукциялар менен камсыздоо маселесин чечет, деп  белгиледи премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев «Учкун» ачык акционердик коомунун ишмердүүлүгү менен таанышкан учурда.


Анын айтымында, окуу китептерин басып чыгаруу жана алардын мазмуну мамлекеттин көзөмөлүндө болушу керек. Башка өлкөлөрдү, жада калса коңшуларды алсак, мамлекеттик буйрутмалардын бардык түрүн мамлекеттик басмаканалар аткарышат.


Мухаммедкалый Абылгазиев «Учкун» ААКны модернизациялоо долбоорун даярдоону тапшырды.


Өкмөт башчы ошондой эле, атайын мамлекеттик документтерди чыгаруу боюнча толук технологиялык циклда иштеген офсет жана мукабалоо цехинин иши менен таанышты. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн