Бугу 14, 2024
Убакыт: 08:28
USD
88.50
89.40
EUR
94.90
95.90
RUB
0.950
0.970

Өкмөт ЖМК менен маалымат жеткирүүнүн эффективдүү механизмдерин талкуулоого даяр

01.04.2020 14:29
687
Өкмөт ЖМК менен маалымат жеткирүүнүн эффективдүү механизмдерин талкуулоого даяр


Учурдагы кырдаалда кыргызстандык жарандардын маалымат алуу шарттарын камсыз кылуу максатында кыргыз өкмөтү ЖМК өкүлдөрү менен маалымат жеткирүүнүн эффективдүү механизмдерин талкуулоого даяр, деп билдирди премьер-министрдин басма сөз катчысы Адилет Султаналиев.


Анын айтымында, башка мамлекеттер сыяктуу эле, кыргыз өкмөтү дагы коронавирустун жайылышын токтотуу аракетинде өзгөчө абалын киргизди. Муну менен жарандардын эркиндигине, журналисттердин маалымат жеткирүүдөгү иштөө тартибине убактылуу чектөө коюлду. Бул иштердин таасирдүү аткарылышы өлкөнүн келечеги, калктын ден соолугун сактоодо эң маанилүү аракет болуп саналат.  


Демократиялуу мамлекеттерде дагы журналисттердин кыймылына эле тыюу салынбастан, вирус боюнча расмий эмес маалыматтардын чагылдырылышына катуу чектөөлөрдү коюп жатканын көрүп жатабыз”, - дейт басма сөз катчы.


Ал белгилегендей, өкмөт ушул тапта элдин жана журналисттердин маалымат алуусун убагында камсыз кылуу боюнча онлайн брифингдерди уюштуруп, тиешелүү маалыматтар берилип жатат. Өзгөчө абалдын талаптарын жана эрежелерин бузбоо менен маалымат таратуунун дагы башка жолун сунуштоону каалагандар болсо кыргыз өкмөтү негизги ЖМК өкүлдөрү менен талкуулоого даяр, деп кошумчалайт ал.

 

 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн