Бугу 18, 2024
Убакыт: 10:04
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Өкмөт Жерүй боюнча түбөлүк "чыккынчылык" кылып жатабы?

20.01.2021 15:17
848
Өкмөт Жерүй боюнча түбөлүк "чыккынчылык" кылып жатабы?


 

Жерүй кенин иштетүү укугун алган "Альянс Алтын" компаниясы, 2021-жылдын, 21-январында,  Жерүй кениндеги калдык сактоочу жайды чет элдик (Словениялык "SENSOR GROUP")  компанияны жалдап, ал жердеги абал боюнча текшерүү ишин кылганы жатат.


Буга чейин, Талас облусунун элинин атынан түзүлгөн Элдик комиссия,  калдык сактоочу жайдын абалы боюнча таанышып, келечек үчүн коркунучтуу абал бар экенин ырастаган болчу.


"SENSOR GROUP" компаниясы  агып чыгууларды аныктаган дүйнөдөгү мыкты компаниялардын бири экен. Анысында кеп жок. Кеп, Элдик комиссиянын негизги талабы катары:


 - Калдык сактоочу жай - Талас облусундагы эң негизги экологиялык табылга болгон, таза шамал багытынын (Роза ветеров) жолуна курулуп калганын, шамал багыты, бир топ айылдарды аралап өткөндүктөн, бул Талас эли үчүн чоң экологиялык коркунучту алып келээрин...


- Калдык сактоочу жайдын курулушу талапка жооп бербестигин, Тоо кыркаларынын суу куйма оозуна жайгашып, сел каптоо абалдары болсо калдык сактоочу жайга толуп, жырып кетсе  дароо Бекмолдо айыл аймагын каптап, Талас дарыясына куюп, бүт облусту талкалоого алып келээрин...


- Калдык сактоочу жайдагы төшөлгөн геомембрананын бүтүндүгү үчүн ал жайга атайы эленген майда топурак төшөлүшү керек экенин. Адистердин айтымында, ал жерде кыргоол жумурткасынан чоң таштардын болушу нормага дал келбестигин. Тилекке каршы, ал жайда аттын башынан чоң таштардын жер жайнап жатканын айткан эле.


Мына ушундай абалды эске албаган "Альянс Алтын" компаниясы, чет элдик "SENSOR GROUP" компаниясына калдык сактоочу жайдын үстүндөгү былыктарды эмес, алдындагы геомембрананын бүтүндүгүн текшертип, тешиги болсо бүтөтүп, болбосо "баары сонун" дедиргиси келип жатканы, аны кыргыз өкмөт тарап колдоп, ГКПЭН кубаттап жатканы түбөлүк "чыккынчылык".


Акыры чындык, адилеттик, эл талабы жеңээрин эсибизден чыгарбашыбыз керек экенин эң сонун сезгендей эле болдук, кыргыз!


Күнболот Момоконов, журналист


 

 

 

 

 

 

 

 

 

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн