Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 05:46
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Өкмөт Жогорку Кеңешке шайлоону ачык, таза өткөрүүнү камсыздоону убадалады

19.06.2020 08:18
1435
Өкмөт Жогорку Кеңешке шайлоону ачык, таза өткөрүүнү камсыздоону убадалады


Өкмөт Жогорку Кеңешке шайлоону ачык жана таза өткөрүүнү камсыздоого тийиш. Бул тууралуу премьер-министр Кубатбек Боронов өлкөнүн мамлекеттик органдарынын жетекчилеринин катышуусундагы кеңешмеде айтты деп билдирди өкмөттүн басма сөз кызматы. 

Өкмөт башчы баса белгилегендей, тармактык түзүмдөр жогоруда аталган саясий процесстерге жакшы даярдык көрүүгө тийиш. 

«Бүгүнкү күнү парламенттик шайлоону өткөрүүгө байланыштуу маселелер коомчулукту тынчсыздандырууда. Өкмөт Жогорку Кеңешке шайлоону ачык жана таза өткөрүүнү камсыздоого тийиш. Бардык маселелерди өлкөдө коронавирус инфекциясынын жайылуу мезгилинде жарандардын коопсуздугун эске алуу менен так иштеп чыгуу маанилүү», - деди министрлер кабинетинин башчысы. 

Премьер-министр өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалга токтолду. 

«Эпидемиологиялык кырдаал да күч алып турат. Жаңы катталган, кайдан жуктурганын билбеген учурлардын саны көбөйдү. Бишкек жана ош шаарларындагы, Чүй облусундагы эпидемиологиялык абалга өзгөчө көңүл буруу керек», - деди Кубатбек Боронов.

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Апаз
Бул курулай убада бойдон калат. Таза откоруш учун убактылуу окмот керек болот.эрки кучтуу эч нерседен тайманбаган адамды койуусу керек . Булар баары Бир Мафияго