Бугу 07, 2024
Убакыт: 15:26
USD
88.70
89.60
EUR
95.20
96.20
RUB
0.950
0.975

Өкмөт акча табуу булагысыз калган жашоочуларга азык-түлүктөн жардам берет

30.03.2020 13:55
905
Өкмөт акча табуу булагысыз калган жашоочуларга азык-түлүктөн жардам берет


Мамлекет бизнес жана жарандык коом менен биргеликте муктаж үй-бүлөлөргө азык-түлүк түрүндө жардам көрсөтүлөт. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өкмөт үйүндө өткөн жыйында билдирди. 

Кеңешменин жүрүшүндө премьер-министрге аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жардам көрсөтүү боюнча жасалып жаткан иштер тууралуу маалымдалды. 

«Өкмөт өзгөчө абал шарттарында жарандарга жардам көрсөтүү үчүн масштабдуу иштерди баштап, бардык ресурстарды жумшап жатат. Бизге аз камсыз болгон жарандарга жана көп балалуу үй-бүлөлөргө жардам көрсөтүүгө даяр бизнес өкүлдөрү жана кайдыгер эмес жарандар кайрылышууда. Аз камсыз болгон жарандарга азык-түлүк түрүндө жардам берүү үчүн мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, бизнестин жана жарандык коомдун өз ара иштешүүсүнүн  ачык-айкын жана натыйжалуу алгоритмин ыкчам тартипте иштеп чыгуубуз керек. Алар күнүмдүк керектөөдөгү тез бузулбай турган тамак-аш продуктуларынан турат. Биринчи баскычта жардам экономикалык ишмердүүлүк кыйла чектелген жана көптөгөн үй-бүлөлөр акча табуу булагысыз калган Бишкек жана Ош шаарларынын жашоочуларына көрсөтүлөт», - деди Мухаммедкалый Абылгазиев. 

Мындан ары карай жардам көрсөтүүнүн бул механизми өлкөнүн бардык райондоруна киргизилет. Учурда материалдык резервдер фондунан аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө таркатуу үчүн 10 миң тонна ун бөлүү чечими кабыл алынды. Мамлекет жарандарга көмөктөшүү үчүн зарыл көлөмдөгү продуктуларды бөлүштүрүүнү мындан ары да улантат. 

Бишкек жана Ошто гуманитардык жардам райондук администрациялар тарабынан белгиленген шаардын ар кыл жерлеринде жайгашкан чогултуу пункттарынан бөлүштүрүлө тургандыгы белгиленди.

Ыктыярчылар азык-түлүк топтомун дарегине түздөн-түз жеткирүүгө жардам берүүгө даяр.  Аларга аймакты жакшы билген турак-жай комитеттеринин төрагалары, жергиликтүү аймактык башкармалыктар жардам берет. Гуманитардык жардамга байланыштуу ар кандай манипуляцияларга жол бербөө максатында келип түшкөн жардамдардын көлөмун жана аны жарандар арасында адилет бөлүштүрүүгө коомдук көзөмөл жүргүзүлөт. Бардык зарыл маалыматты толук көлөмдө www.help.covid.kg сайтынан алууга болот. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн