Чын курандын 27, 2024
Убакыт: 14:55
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.972

Өкмөт «аласалды», анын артында кандай саясат бар?

16.06.2020 09:57
1106
Өкмөт «аласалды», анын артында кандай саясат бар?


27-майда «Кыска мөөнөттөгү өргүүгө кетти» деген Мухаммедкалый Абылгазиев өкмөт башчысы кызматынан отставкага кетүү боюнча арызын жазганы 15-июндун кечинде белгилүү болду. Анын кызматтан кетүү чечимине жыштыктардын сатылышына байланыштуу иш негиз болгонун билдирди.


Абылгазиевдин билдирүүсүндө: «Мен буга чейин да айттым жана дагы бир жолу баса белгилеп кетким келет, бул ишке эч кандай тийешем жок, ал эми менин дарегиме айтылган айыптоолор эч кандай негизге ээ эмес. Менин эки жумага созулган өргүүмдө тергөө органдары кандайдыр бир суроолор менен кайрылган жок. Тергөө баарын өз ордуна коеруна жана мыйзамды бузган чыныгы күнөөлүүлөрдү табарына ишенем», - деп айтылат.


Демек, экс-премьер-министр өзүнүн жыштыктардын мыйзамсыз сатылышы боюнча иште күнөөсү жок экенине терең ишенип турат. Албетте, мунун чын-бышыгын аныктай турган укук коргоо органдары бар. Балким, чындыгында эле анын күнөөсү жок болушу да мүмкүн.


Ошол эле убакта М. Абылгазиев «Мен өзүмдүн ишимде дайыма таза жана ачык иштедим, жалпы ишке пайда алып келгенге аракет жасадым жана келечекте да өз билимимди жана топтогон тажрыйбамды мамлекеттин жана коомдун бакубатчылыгы үчүн колдонуу мүмкүнчүлүгү болот деп ишенем», - дейт.


Экс-премьер-министр бул айткандары менен саясаттан жана мамлекеттик иштерден алыстабай турганын кыйытып турат. Андыктан анын отставкасы макулдашылган отставка болду деп айтууга да негиз чыгууда. Алдыдагы парламенттик шайлоодон кийин ага өзүнө ылайык жаңы кызмат сунушталышы да толук мүмкүн. Балким, парламенттик шайлоодо кайсы бир партиянын алдыңкы тизмесинде ат салышып калышы да реалдуулуктан алыс эмес. Ошентсе да бул окуяда саясат алдыга чыкканы белгилүү.


Ошентип дагы бир өкмөт «аласалды». 2010-жылдан берки тарыхты эле алып караганда көпчүлүк өкмөт башчылар коррупциялык иштерге айыптоолордун натыйжасында кызматтарынан кол жууду. Ө. Бабанов түрк ишкеринен күлүк ат белекке алды деп отставка берсе, Темир Сариев жол курууга байланыштуу тендер чырынан кеткен. Сапар Исаков Бишкек ТЭЦин модернизациялоодогу коррупция чырынан улам парламент депутаттарынын ишеним көрсөтпөө чечиминен соң кетүүгө аргасыз болгон. Эми минтип М. Абылгазиевдин өкмөтү да «жыштык чырынан» улам өтө маанилүү жагдайда (алдыда парламенттик шайлоо турат) отставка берип отурат. Бул көрүнүш бизде дагы деле өкмөттүн туруктуулугу жоктугун көрсөттү.


Бийликтин үч бутагынын ичинен эң көп тепкиге алына турганы – бул аткаруу бийлиги, демек өкмөт. Баардык кемчиликтер, катачылыктар келип өкмөткө муш болуп тийет. Өкмөт башчылык кызматтан жакшы аттуу болуп кетүү - чанда гана чиновниктердин бактысына шыбага болгон. Ошого карабастан премьер-министрлик кызматка барсам дегендердин саны арбын жана бул кызмат сунушталса баш тарткандар жокко эсе. Өкмөт башчынын али сууй элек креслосуна учурда да өзүн сунуштап жибергендер жана сунушталып жаткандар арбын. Беш ай болсо дагы башбакандык тизгинди колго кармап калгысы келгендер, эртең бул кызматтан кетип жатканда кандай абалда болушаарын эстерине да алып коюшпаса керек.


Ошентип күрдөөлдү күздүн октябрь айында парламенттик шайлоо өтөт. Эгерде бул шайлоонун жыйынтыгы менен дагы парламентке 5-6 партия келе турган болсо, анда өкмөттүн туруксуз болушу улана бере турган көрүнүш болот. Өкмөттүн туруксуздугу – бул иштин натыйжалуу болушуна кедерги. Бир жылдык, ашып кетсе эки жылдык мөөнөткө гана отураарын түшүнгөн өкмөт реалдуу реформаларды жасай албайт. Андыктан алдыдагы шайлоонун жыйынтыгы өлкөнүн өзгөрүүсү үчүн чечкиндүү кадам болушу шарт.


Канатбек Аскаров


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн