Бугу 09, 2024
Убакыт: 03:22
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

Өкмөт ата мекендик ишкердикти колдоо саясатын күчөтөт

13.03.2020 13:36
1004
Өкмөт ата мекендик ишкердикти колдоо саясатын күчөтөт


Өкмөт зарылдыкка жараша ата мекендик ишкердикти колдоо саясатын күчөтөт жана бизнести колдоо боюнча кошумча чараларды кабыл алат. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев улуттук валютанын курсун турукташтыруу боюнча өткөн кеңешмеде билдирди.


Ал 2020-жылдын 9-мартында мунай заттын баасы 30%га түшүп, валюта биржасында Россиянын жана Казакстандын улуттук акчасынын курсунун төмөндөөсүнө алып келгенин белгиледи.


Анын айтымында, Россия өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин менен тийиштүү маселелер талкууланды. 


«Өнөр жай түзүмүндө нефтегаз тармагынын үлүшү болгону 2%ды түзөт, бул өңүттөн алып караганда биздин экономика мунайдын баасына түздөн-түз көз каранды эмес. Бирок  өнөктөш өлкөлөрдөгү экономикалык өзгөрүүлөр өзүнүн таасирин  тийгизбей койбойт. Ошентсе да азырынча биздин өлкөдө күйүүчү майлардын баасы кармалып турат, кооптонууга негиз жок», - деди Мухаммедкалый Абылгазиев.


Премьер-министр 9-марттан тартып дүйнөлүк рыноктогу болуп жаткан кырдаалга тыкыр көз салып жатканын айтты. 


Ыкчам түрдө Улуттук банк менен биргеликте өткөрүлгөн жыйында валюта рыногундагы курстун кескин түрдө ылдый-өйдө болушун турукташтыруу жана өлкөдө экономикалык активдүүлүктүн деңгээлин кармап туруу боюнча бир катар чаралар кабыл алынды, деди өкмөт башчы. 


Өкмөт Улуттук банк менен биргеликте келген товарларга АКШ доллары менен төлөө үчүн рыноктон валюта сатып алган ири ишканалар менен, ошондой эле акциздүү товарларды импорттогон компаниялар менен активдүү иштерди жүргүзүп жатат. 


Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев улуттук валютанын курсун турукташтыруу боюнча өткөн кеңешмеде билдиргендей, ишкер тараптардын келишимдик милдеттенмелерин улуттук валюта менен иштөөсүнө өткөрүү максатындагы маселе Россия жана Казакстан өкмөттөрү менен бирге каралып жатат. 


"Ушундай кырдаалдарда өкмөт азыркы жүргүзүп жаткан саясатын уланта берет. Эң негизгиси – Кыргыз өкмөтү ата мекендик ишкерлерди жана бизнести колдоо саясатын күчөтөт. Зарылдыгына жараша кошумча чаралар кабыл алынат", - деди премьер.


Алар: Мамлекеттик сатып алуулар процессине ата мекендик компаниялардын катышуусун колдоо боюнча иштерди күчөтүү жана товарларды, кызматтарды көбөйтүү, бизнести текшерүүгө киргизилген мораторийди дагы 1 жылга узартуу жагын карап чыгуу (2022-жылга чейин). 


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн