Бугу 21, 2024
Убакыт: 00:33
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

Өкмөт аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө ун таратат

26.03.2020 17:10
976
Өкмөт аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө ун таратат


Өкмөт өлкөдөгү аз камсыз болгон жарандарды жана үй-бүлөлөрдү ун менен камсыз кылат. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдирди.


Маалыматка ылайык, Мамлекеттик материалдык резервдер фондунан биринчи этапта он миң тонна ун чыгарылат.


Өкмөт калктын аялуу катмарындагылардын эч кимисин көңүл буруусуз жана камкордуксуз калтырбоо максатында аларды колдоо үчүн бардык резервди мобилизациялары айтылат.


“Ушул күндөрү кыйынчылыктарды жеңүү үчүн өзүбүздүн жоопкерчилигибизди сезүүбүз жана күчүбүздү бириктиришибиз керек. Мен четте карап турбай, көмөк көрсөтүү аракетин көргөндөргө ыраазычылык билдирем жана мамлекет жарандардын өмүрүн жана ден соолугун сактоо үчүн бардык мүмкүнчүлүктөрдү жасап жатат”, - деген премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн