Кыргызстанда калк көп колдонгон 14 товардын баасына өкмөт убактылуу чектөө киргизди. Тиешелүү токтомго өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. Чектөө дүйнөдө тарап жаткан коронавирустан улам айрым ишкерлер, соодагерлердин бааны көтөрүп жибербеши үчүн коюлганы айтылды.
Баасына чектөө киргизилген товарлардын тизмеси:
Буудай уну;
нан;
сүт;
өсүмдүк майы;
жууган май (сливочный — ред.)
уй, кой, чочко, тоок эттери;
кумшекер;
күрүч;
макарон;
тооктун жумурткасы;
картошка.
Мындан сырткары, жаратылыш газы, АИ-80, АИ-92 үлгүсүндөгү күйүүчү майлары, дизель жана көмүрдүн баасына да чектөө кирген.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн