Бугу 18, 2024
Убакыт: 12:01
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Өкмөт балдарды колдоо боюнча пландалган иш-чаралардын аткарылышын талкуулады

02.10.2020 09:12
948
Өкмөт балдарды колдоо боюнча пландалган иш-чаралардын аткарылышын талкуулады


1-октябрда биринчи вице-премьер-министр Алмазбек Баатырбековдун төрагалыгы асытнда балдарды колдоо боюнча иш-чаралардын аткарылышы боюнча кеңешме өттү.


Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, кеңешменин жүрүшүндө өкмөттүн балдарды колдоо боюнча бекитилген планынын мамлекеттик органдар тарабынан жүзөгө ашырылышы талкууланды.


Ошондой эле Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте жаңы конуштарда турмуш шарты оор үй-бүлөлөрдөгү балдарга документ берүү боюнча иштерди жүргүзүп жатканы айтылды. 2020-жылдын 9 айынын жыйынтыгы боюнча, 720 балада документ жок экендиги аныкталып, анын ичинен 250 балага туулгандыгы тууралуу күбөлүк берилгени белгилүү болду.


«Билим берүү жана илим министрлиги кыска мөөнөттүү мектепке чейинки билим берүү уюмдарын түзүүдө. Быйыл жылдын аягына чейин ушул форматта иштей турган 500 бала бакчаны түзүү пландалды. Маданият, маалымат жана туризм министрлиги менен биргеликте китепканалардын базасында балдарды эрте өнүктүрүү борборлору ачылды. 2020-жылы 50 эрте өнүктүрүү борбору ачылса, 2021-жылы дагы 50нү түзүү пландалды.


Бишкек, Ош шаарларында жана Чүй облусунун Ысык-Ата районунда бала бакчаларга электрондук кезекке туруу тутуму киргизилди. Мектепке чейинки жана жалпы билим берүү мекемелерине электрондук түрдө катталуу жана кезекке туруу системасын жүзөгө ашыруу пландалууда. Учурда тутумга Жалал-Абад, Баткен, Кызыл-Кыя, Сүлүктү, Каракол, Балыкчы жана Чолпон-Ата шаарларын туташтыруу боюнча иштер жүрүүдө.


Ошондой эле майыптыгы бар балдарды эрте аныктоо иштери аткарылууда. Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда ымыркайлардын тубаса ооруларын – гипотиреозду эрте аныктоо үчүн скрининг бөлүмү ачылды. Бөлүмгө бардык аймактардан алынган анализдер жеткирилет», - деп айтылат өкмөттүн басма сөз кызматынын маалыматында.


Ал эми биринчи Алмазбек Баатырбеков балдарды колдоо бонча көп пландар каралганын, бирок пандемияга байланыштуу айрымдарын толук кандуу ишке аашырууга мүмкүн болбогонун айтты.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн