Жетинин айы 22, 2024
Убакыт: 13:56
USD
86.50
86.85
EUR
90.50
91.50
RUB
0.830
0.875

Өкмөт бардык гумжардамды эсепке алуу жана бөлүштүрүүнү өзгөчө көзөмөлдөөнү тапшырды

27.07.2020 08:45
1301
Өкмөт бардык гумжардамды эсепке алуу жана бөлүштүрүүнү өзгөчө көзөмөлдөөнү тапшырды

Биринчи вице-премьер-министр Алмазбек Баатырбеков Республикалык ыкчам штабдын кезектеги жыйынында жергиликтүү бийлик органдарынын алдыдагы күз-кыш мезгилине даярдык көрүүсүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи. 

«Биринчи кезекте, бул Бишкек жана Ош шаарларында жаңы ооруканаларды куруу. Ошондой эле жер-жерлерде имараттарды ооруканалар катары кайра түзүү жана медициналык мекемелерди суюк кычкылтек берүү системасына борборлоштуруп кошууну уюштуруу өзгөчө колго алынсын. Бул ишке жооптуу мамлекеттик органдар буга чейин аныкталган. Жеке коргонуу каражаттарына тийиштүү айтсак, адистердин пикирин эске алуу менен жаңы бирдиктүү стандартты иштеп чыгуу зарыл», - деп жыйынтыктады ал. 

Ошону менен бирге биринчи вице-премьер-министр Алмазбек Баатырбеков өлкөгө келип түшкөн бардык гуманитардык жардамды эсепке алуу жана бөлүштүрүү маселесин өзгөчө көзөмөлдөөнү тапшырды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн