Чын курандын 16, 2024
Убакыт: 19:02
USD
89.10
89.87
EUR
94.50
95.50
RUB
0.930
0.970

К.Боронов саламаттыкты сактоо министри С.Абдикаримовго сөгүш жарыялады

29.09.2020 14:43
1135
К.Боронов саламаттыкты сактоо министри С.Абдикаримовго сөгүш жарыялады


Премьер-министр Кубатбек Боронов саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримовго мамлекеттик сатып алуулар боюнча тийиштүү көзөмөл жүргүзбөгөнү үчүн сөгүш берди. 


Өкмөттүн басма сөз кызматынын маалыматына караганда, өкмөт башчы ошондой эле, Саламаттык сактоо министрлигинин статс-катчысы Калысбек Шадыхановго мамлекеттик сатып алуулар боюнча тийиштүү деңгээлде иш алып барбаганы үчүн сөгүш берди.  


Республикалык ыкчам штабдын 29-сентябрындагы кеңешмесинде премьер-министр санитардык чаралардын жана киргизилген тыюулардын сакталышына жетишсиз жана натыйжасыз көзөмөл жүргүзгөндүгү үчүн жергиликтүү бийлик органдарынын жана ички иштер органдарынын ишин сынга алды.



Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн