Жетинин айы 22, 2024
Убакыт: 19:38
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

Өкмөт башчы бир катар мамлекеттер менен эл аралык каттамдарды калыбына келтирүүнү тапшырды

17.08.2020 09:19
1040
Өкмөт башчы бир катар мамлекеттер менен эл аралык каттамдарды калыбына келтирүүнү тапшырды

Тийиштүү мамлекеттик органдарга бир катар мамлекеттер менен эл аралык каттамдарды калыбына келтирүү боюнча ишти күчөтүү милдеттендирилди. Бул тапшырманы премьер-министр Кубатбек Боронов Республикалык ыкчам штабдын жыйынында берди. 

Отурумда  мамлекеттик чек аранын кыргыз-кытай тилкесиндеги «Торугарт-автожол» көзөмөл-өткөрүү пунктунун ишин жандандыруунун маанилүүлүгү белгиленди. 

Премьер-министр медицина кызматкерлерине кошумча төлөмдөрдү төлөө маселесине токтолду. 

«Мындан ары бир дагы шаарда, райондо, ал тургай алыскы айылдарда коронавирус инфекциясына  чалдыккан бейтаптарды дарылоого тартылган медицина кызматкерлерине кошумча төлөмдөрдү берүү маселесине жоопкерчиликсиз мамиле жасаган учур кайталанбасын. Мен тартипсиздикке жол бербейм, төлөм боюнча кылдат текшерүүлөрдү жана мониторинг жүргүзгүлө», - деди өкмөт башчы.

Кубатбек Боронов азык-түлүк коопсуздугун жана дары каражаттарынын үч айлык запасын камсыздоонун маанилүүлүгүнө токтолуп, тиешелүү тапшырмаларды берди.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн