Жогорку Кеңештеги фракциялардын лидерлери премьер-министрлик кызматка Кубатбек Бороновдун талапкерлигин сунуштоо чечимин кабыл алышты. Бул тууралуу Жогорку Кеңештеги өздүк булактар маалымдашты.
Ал эми вице-премьер-министр кызматына Алмазбек Баатырбековдун талапкерлиги көрсөтүлүүдө. Фракциялардын лидерлери 16-июнда эртең менен жолугушуу өткөрүштү. Бүгүң Жогорку Кеңештин көпчүлүк коалициянын жыйыны болот.
15-июнда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев отставкага кетүү арызын жазган. Бүгүн президент Сооронбай Жээнбековдун жаргылы менен М.Абылгазиев жана өкмөттүн курамы отставкага кетти.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн