Чын курандын 24, 2024
Убакыт: 05:23
USD
88.90
89.70
EUR
94.60
95.60
RUB
0.945
0.960

Өкмөт башчынын Баткендеги окуяларды барып чечпей, телефондон кабар алганы кечиримсиз, - Икрамов

10.05.2020 15:24
907
Өкмөт башчынын Баткендеги окуяларды барып чечпей, телефондон кабар алганы кечиримсиз, - Икрамов


Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов бүгүн, 10-майда өзүнүн Фейсбуктагы баракчасы аркылуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевге кайрылуу жолдоду.   


Кайрылуунун толук тексти:


Урматтуу өкмөт башчы Мухаммедкалый Дүйшекеевич!

Сизди Жогорку Кеңеш айрым сындарды эске албаганда колдоп келген. Тилекке каршы, депутаттардын колдоосун сиз дайымкы боло жүргөндөй кабыл алууңуз жеке менин тынчсыздануумду жаратат. Мен бир гана акыркы окуялар боюнча пикиримди айтайын. Өткөн жумада эле борбордон алыс, чек аралык кооптуу аймакта жайгашкан Баткен облусунда биз күтпөгөн бир нече жагымсыз окуя болду. Лейлек районунда табигый кырсыктар орун алып, үйлөрдүмал-жандыктарды сел алды. Маселени Баткен облусуна барып чечүүнүн ордуна телефондон маалымат алып гана тим болдунуз. Бул кечиримсиз кадам.


Ал эми жума аягында бейкапар күн кечирип жаткан элибизге тажик жарандары тарабынан чагымчыл аракеттер жасалып, ок атышуу болду. Биздин үч жаран жаракат алып, алардын бири катуу абалда ооруканада жатат. Сиз өкмөт башчы катары дагы эле позицияңызды билдире элексиз. Баткен облусундагы өкмөттүн мурдагы өкүлү, азыр өкмөттүн чек ара боюнча вице-премьер-министри Акрам Мадумаров да ал окуя болгон жерге кечигип барды. Орун басарыңыз «буга чейин чечпеген маселени эми чечеби?» деген коомчулукта сын пикир арбын.


Кыргызстандын Тажикстандагы элчисинен дайын жок. Биз Жогорку Кеңештин депутаттары, анын ичинен жеке мен бир канча жолу коңшу Тажикстанга кетип жаткан контрабанда товарларды тыюу боюнча маселе көтөргөм. Бул боюнча бир да кадам жасабадыңыз. Биздин мамлекеттин Тажикстан менен экономикалык алакасы салыштырмалуу анчалык мааниге ээ эмес. Тескерисинче Тажикстан көп маселе боюнча бизге көз каранды. Эмне үчүн ушул убакытка чейин мыйзамсыз иштеп келген экономикалык коридорлорду жаап койгонго мүмкүнчүлүгүңүз жетпей жатат? Же сөзсүз түрдө эки мамлекеттин жарандары колуна курал кармап көчөгө чыгышы керекпи? Качан бир батым чечимдерди кабыл аласыз? Качанкыга чейин биздин жарандар чек ара жанында коркуп жашайт?

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн